Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Алсак, депутат Улугбек Ормонов парламенттин Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: “Жаз келе жатат. Андыктан, дыйкандарды керектүү жер семирткичтер менен камсыздашыбыз керек. Өкмөт Өзбекстан менен түз сүйлөшүп, жер семирткичтерди заводдун баасында алып келиши шарт. Бул дыйкандардын негизги суранычы жана талабы”, – деди.
Ошондой эле депутат Кыргызстанда белгисиз эле авиакомпаниялар иштеп, каалаган бааны коюп жатканын жүйө келтирип, Өкмөт муну көзөмөлдөшү керектигине токтолду.
Мындан тышкары, жыйында жерлерди трансформациялоо, конуштарды коомдук унаа менен камсыздоо маселелери да көтөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ