Menu

Душанбени спутник антенналарынан тазалоо иши уланууда

Бөлүшүү:

Душанбе мэриясы өткөн аптада Рудаки саябанында жайгашкан үйлөрдөгү параболалык антенналарды алды.

Турак жай-коммуналдык чарба ишканасы спутник антенналары шаардын көркүн бузуп жатканын, буга байланыштуу шаар бийлиги аларды демонтаж кылууну чечкенин маалымдады.

Ишкананын кызматкери Турамурод Шукуров “Озоди” радиосуна калаа тургундарына антенналарды алуу үчүн убакыт берилгенин, алар талапты аткарбаган соң өздөрү демонтажды башташканын айтты. Анын билдиришинче, акыркы бир нече күн ичинде Рудаки көчөсүндө 150дөй антенна алынган.

Рудаки проспектиси Душанбенин борборунда жайгашкан жана президенттин, жогорку даражадагы коноктордун машинелери өтө турган протоколдук трасса болуп эсептелет.

Турак жай-коммуналдык чарба ишканасы жашоочулар каалаган учурда антенналарын алып кетсе болорун, бирок анын ордуна альтернативдүү телекөрсөтүүгө кошулуусу керек экенин белгиледи.

Душанбени спутник антенналарынан тазалоо жараяны былтыр башталган. Айрым жашоочулар бул Тажикстанда альтернативдүү маалымат алуу булагы болгонун, тажик бийлиги мындай кадамы менен алардын маалымат алуу укугун чектеп жатканын билдиришүүдө. Тажик бийлиги айыптоолорду четке кагып, тургундар кабелдик телекөрсөтүүнү жана Интернет-каналдарды колдоно алышарын айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: