Menu

Өзбекстанда мугалим менен директордун орун басарынын сабалышы боюнча тергөө башталды

Бөлүшүү:

Кашкадарыя облусунун Китаб районундагы №51 мектепте мугалим менен директордун орун басарынын сабалышы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу райондук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Район акимчилигинин, райондук билим берүү башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын, маале өкүлдөрүнүн, депутаттардын жана коомчулуктун катышуусунда жыйын өтүп, тараптардын пикирлери угулду. Жыйынтыгында райондук билим берүү башкармалыгы окуя боюнча текшерүү баштамай болду. Мындан тышкары райондук ички иштер башкармалыгы да баштапкы тергөө иштерин баштады», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя 21-майда болгон. Директордун орун басары менен мугалимди директордун дагы бир орун басарынын туугандары сабап, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: