Menu

Орусия “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат

Бөлүшүү:

Орусия коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Өз сөзүндө Путин өлкө мындан ары да коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам бере турганын белгиледи.

“Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат”, – деди Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан саталып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген. Мындан тышкары жакында бул вакцинанын дагы 100 миң дозасы келет деп күтүлүп жатканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: