Menu

“YouTube” өзбек тилдүү каналдардын авторлоруна акча төлөөнү токтотту

Бөлүшүү:

“YouTube” компаниясы өзбек тилиндеги каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтотту.

Акыркы жылдары Өзбекстанда видеоблогинг тездик менен өнүгүп, анын аркасы менен акча тапкан авторлор көбөйгөн. Алардын арасында “YouTube” каналдарындагы көрүүлөр үчүн эле бир нече миң доллардан тапкандары да болгон.

Бирок апрелден тартып өзбекстандык блогерлердин “YouTube” видеохостингиндеги тасмалардан түшкөн кирешелери кескин азайып кеткен. Буга “YouTube” компаниясынын жетекчилиги өзбек тилдүү аудиторияга арналган каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтоткону себеп болгон.

Компания азырынча бул чектөөнүн эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрө элек. Qalampir.uz басылмасынын маалыматына караганда, мындай чечим “Youtube” Өзбекстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

“YouTube” компаниясы ишмердүүлүгүн расмий жүргүзбөгөн өлкөлөрдө блогерлер кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Алар “YouTube Premium” кызматтарын, демөөрчүлүк модулдарды жана “YouTube.Music” платформасын пайдалана алышат. Бирок Өзбекстанда бул кызматтар эч качан жеткиликтүү болгон эмес. Эми өзбек блогерлери жарнамадан да киреше таба албай калышат.

2016-жылы “YouTube” сайты Өзбекстанда алты күнгө бөгөттөлгөн. Бирок анда өлкөдө видеоблогерлик азыркыдай популярдуу эмес болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: