Кашкадарыя облусунун Чиракчин районунда 700гө жакын чөл ташбакасын аткезчилик менен алып бараткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин облустук башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ташбакалар Бухарадагы экологиялык коргоо жайына жөнөтүлдү.
Орто Азиянын чөл ташбакасы жоголуп кетүү коркунучунда болгондуктан, Өзбекстанда ал 2019-жылы Кызыл китепке киргизилген.
Расмий маалыматтарга караганда, акыркы 60 жылда айыл чарба ишмердүүлүгүнөн улам ташбаканын бул түрү жашай турган жер аянты 1,5 миллион гектарга кыскарган.
Орто Азиянын чөл ташбакасы Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) Кызыл тимесине да киргизилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ