Menu

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Апрелде президент Садыр Жапаров электр энергиясына тарифти көтөрүүнү сунуш кылган. Жаңы тариф саясаты августка чейин коомдук талкууга коюлуп, чечим кабыл ала турганы айтылган. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда кыргыз өкмөтү Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат алып жатат. Аны Кыргызстан үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: