Menu

Кыргызпатент «Startup Village 2021» эл аралык конференциясына катышты  

Бөлүшүү:

Кыргызпатент «Startup Village 2021» эл аралык конференциясына активдүү катышты. Эл аралык технологиялык конференция “Сколково” фонду тарабынан өнөктөштөрдүн жана мамлекеттик корпорациялардын колдоосу менен уюштурулду. Бул тууралуу  Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

24-25-майда “Сколково” инновациялык борборунда “Startup Village 2021” эл аралык технологиялык конференциясы өткөрүлдү.

Иш-чара өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: конференциялык бөлүм,  Startup Bazaar (офлайн жана онлайн) технологиялык долбоорлордун көргөзмөсү, Mentor Hours ментордук сессиялар, Pitch&Go и Adventureland Challenge инвестордук питчтер, өнөктөштөрдүн индивидуалдык программасы менен стенддери, максаттуу инструменттердин жардамы менен бүткүл дүйнөлүк катышуучулардын нетворкинги, open-air активдүүлүк жана технологиялык интерактивдер.

Startup Bazaar технологиялык долбоорлордун көргөзмөсүнө алты өлкөдөн 400дөн ашуун стартаптар өздөрүнүн иштелмелерин көргөзүштү. Алардын катырында “Стартап Кыргызстан” сынагынын финалистеринин долбоорлору да бар (MetaBilim жана Altai Studio).

Конференциянын алкагында “Инновациялардын шериктештиги: чакан жана орто бизнес үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин инновациялык мамлекеттер аралык Программасынын мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары” аталышында тегерек стол уюштурулуп, ага Кыргызпатенттин төрайымы Д.А. Молдошева чыгып сүйлөдү. Д. Молдошева Кыргызпатенттин бардык деңгээлдеги инновацияларды өнүктүрүү жана стартаптарды алгылатуу чөйрөсүндөгү ишмердиги тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын алкагында “Жер иллюминатордо. Инновациялык долбоорлор жана стартаптар эл аралык космостук станцияларда” сессиясына эл аралык космостук станциянын экипаж мүчөлөрү катышты. Учкуч-космонавт Петр Дубров, азыркы учурда жер орбитасынын тегерегинде 48 сааттык илимий эксперимент жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу баяндады.

Startup Village аянтчасында жаңы форматта өнүктүрүү институттарынын  өкүлдөрүнүн жана “Пилоттук долбоорлорго акча бергиле. Корпорацияга кантип өз продукту сатууга болот?” аудиториясынын катышуусунда атайын  сессиясы уюштурулду. Катышуучулар мамлекеттик корпорацияларды стартап маселелерине кантип кызыктырса боло тургандыгы тууралуу суроонун тегерегинде талкуу жүргүзүштү.

25-майда “Startup Village 2021” эл аралык конференциясынын экинчи күнүндө  “Сколково” фондунун директорлор кеңешинин мүчөлөрү технологиялык тренддерди көңүл сыртынан калтырбаса болот, эмнеге бүт дүйнө NFT талкуулап жатат жана “жашыл экономиканы” кантип өстүрсө болот, ушул жана башка суроолорго жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: