Саясатчы Мелис Мырзакматов Түркияга бизнес өнөктөштөрү менен жолугуу үчүн кетти. Бул тууралуу жупрналист Манас Осмон Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымы боюнча, ал 10 күн аралыгында кайра Кыргызстанга кайтып келет.
“Мелис Мырзакматов кечээ Стамбул шаарына учуп кетти. Ал 6 жыл Анкара шаарында отурукташып, ал жерде бизнес өнөктөштөрү менен түптөгөн үлкөн компаниянын жооптуу кызматын аркалады. Түрк дүнүйөсүнүн таанымал саясатчылары жана ишкерлери менен тыгыз алака курду. Дайыма үй бүлөсү жанында болду” – деп жазган Манас Осмон.
“Айрым саясий каармандардын ММКлары “Мырзакматов өлкөнү таштап, чыгып кетти” – деп жазып атышат. Сиздерге маалымат иретинде айтып коючу нерсе: Мелис Мырзакматов 10 күн аралыгында өлкөгө кайтып келет. Ага чейин өзү жооптуу болгон компаниянын жыйынын өткөрүп, бизнес өнөктөштөрү менен жолугушат. Кээ бир жарандар анын саясий жүрүштөрү боюнча божомол жүргүзүп, туура эмес маалыматтарды тартышууда. Мырзакматов Кыргызстанда чоң күч. Анын миллиондогон колдоочулары бар. Ал киши келгенден кийин өзүн колдогон калың катмар менен макулдашып, андан кийин саясий багытын аныктайт” – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ