Menu

1-июндан баштап унааларды кайрадан каттоо арзандайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 1-июндан баштап автоунааларды алымдын нөлдүк ставкасы менен кайрадан каттоо боюнча улуттук кампания башталат. Акциянын алкагында жаңы автоунааларды сатып алган же автоунааларын кайра каттоодон өткөрүүнү каалаган жарандар жана юридикалык жактар автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндө төлөм төлөшпөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алымдын нөлдүк ставкасы менен транспорттук каражаттарды кайрадан каттоодон өткөрүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды алууда пайда боло турган бир катар талаштуу жагдайлардан жана түшүнбөстүктөрдөн алыс болууну каалаган жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канааттандырылат. Акция учурунда автоунааны кайрадан каттоонун баасы чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1360 сомду түзөт.

Аймакты өзгөртпөстөн, кайра каттоодо сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен номурдун үч же төрт орундуу болгонуна карабастан, автоунаанын мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай коюуга болот. Ошондой эле, ээсинин каалоосу менен унаа каттоодон чыгарылганда, мамлекеттик номурду бир ай бою “Унаа” мамлекеттик мекемесинде сактап, жаңы алынган автоунаага бекитсе болот. Ошентип, жаңы номер сатып албасаңыз, автоунааны кайрадан каттоонун баасы 460 сомго чейин төмөндөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык унаа ээлеринен улуттук кампаниянын артыкчылыктарын пайдаланып, жеңилдиктер менен колдонуп, автоунааларды өз атына каттоону суранат. Унааны кайрадан каттоонун баасын төмөндөтүү – убактылуу акция жана ушул жылдын 31-декабрына чейин гана созулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: