“Азыркы Саламаттык сактоо министринин саламаттыгын бир текшерип койбойлубу? Уу коргошун менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылды. Эми болсо, кечээ Москвага барып келген президентибизди “Орус президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү” деп карандай калпты айтты”, – деп билдирди бүгүн, 27-майда жамактатып сүйлөп “жамакчы” атка конгон КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында.
“Эрбол деген азамат жигит экен. Эки саат ичинде апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо, президентти уят кылмакпыз. Саламаттык сактоо министри боюнча 84 депутат токтом чыгарган “кызматтан кетиришсин” деп. 84 добуш менен президентти кетирсе болот го импичмент менен. 84 добуш менен генпрокурорду кетирсе болот да. А эмне үчүн биз Саламаттык сактоо министрин кетире албайбыз? Баарыбыздын тууган-туушкандарыбыз, жоро-жолдоштор досторубуз бар. Алардын арасында дарыгерлер дагы: “Ковид кетпесе кетпесин, ушул комик кетсе болот эле” деп айтып жатышат. Ушуга жетпедикпи”,- деп нааразы болду депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ