Menu

Прокуратура: Дипломатиялык шаарчаны куруу үчүн берилген жер тилкесине байланышкан махинациялык аракеттер аныкталды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан борбор калаанын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,80 гектар болгон жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдоодо жана берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында, 1997-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү боюнча Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен “Б.К.Р.” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ошол эле учурда чет өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу болгон адамга ижара шартында, чет мамлекеттин резиденциясын куруу үчүн аянты 6,8 гектар жер берилгендиги такталган.

Бирок, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы М.Т. жана ушул эле ведомствонун башка кызмат адамдары өздөрүнө пайда табуу максатында, жер тилкесине болгон ижара акысын төлөбөгөн, жогоруда аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барышып, 2006-жылдын 1-ноябрында көрсөтүлгөн 6,8 га жердин ичинен 3,80 га болгон 4 жер тилкесине  жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды жасалмалашкан.  Аталган жер тилкелеринин баасы 800 000 000 (сегиз жүз миллион) сомдон жогору турат.

Анын үстүнө, чет мамлекеттин резиденциясын курууну негиз кылып алынган жер тилкелерине дипломатиялык шаарчанын долбоору жасалбаган жана курулуш иштери жүргүзүлбөгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында, райондук прокуратура Бишкек шаарынын мэриясына ченемдик-укуктук актылардын  бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирип, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: