Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Мусаев А. 8-майда Сузак районунда ур-токмокко алынган 30.04.2017-жылы туулган О.А. аттуу 2 жашар кыздын абалы тууралуу оорукананнын дарыгерлери менен жолугуп кабар алды. Бул тууралу КР Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү күндө бала Жалал-Абад областык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу оор.
Эки жашар кыздын 28 жаштагы энеси Москва шаарынан учуп келип баласынын абалы менен таанышып чыкты.
Учурда Сузак районунун Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери баланын кызыкчыларын коргоо тууралуу энесине түшүндүрүү жүргүзүп жатат.
Бул окуяны райондук ички иштер бөлүмү кокустук – деп каттагандыктан балага карата физикалык зомбулук болгон деп каттатуу максатында Сузак районунун Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чара көрүүдө. Учурда Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Жалал-Абад областындагы өкүлүнө билдирүү беришкен жана алар менен бирдикте Жалал-Абад областтык прокуратурасына көтөрүлгөн маселеге көнүл буруу тууралуу кол жолдонгондугун билдиришкен.
Жашы жете элек Айишанын энеси жакын туугандары аркылуу жабырлангандыгы тууралуу арыз менен ички иштер бөлүмүнө кайрылуудан баш тарткандыктан, Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-булөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары баланын укуктарын жана кызыкчыларын коргой тургандыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ