Menu

Өзбекстан Ооганстанда жаңы темир жол линияларын курууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан Ооганстандын аймагына жаңы темир жолдорду курууну пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар «Узбекистон темир йуллари» башкармалыгынын төрага орун басары Даврон Дехкановго шилтеме кылып билдиришүүдө.

Анын айтымында, өзбек темир жолчулары үчүн Ооганстан мурдатан белгилүү болгон аймак. 2010-жылы алар «Хайратон — Мазари-Шариф» тилкесинде 100 чакырымдык темир жолду ишке беришкен.

«Ооганстан менен келишим түзүү боюнча айтсам, бул долбоор Өзбекстан үчүн өтө актуалдуу. Анткени ал Ооганстан, Пакистан аркылуу деңизге, андан ары Ирандын Бендер-Аббас портуна чыгуу мүмкүндүгүн берет. Биз Ооганстандын өкүлдөрү менен бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, белгилүү бир макулдашууларга жетиштик. Ооган тарап курулуш иштерин баштоого даяр, учурда долбоорду каржылоо маселеси чечилүүдө», – деди Дехканов.

Ал өзбек адистери бийик тоолуу аймактарда темир жол курууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, учурда алардын «Хайратон – Мазари-Шариф» темир жол тилкеси ийгиликтүү колдонулуп жатканын айтты.

«Биз үчүн бул тааныш аймак жана биз анда иликтөө жана курулуш иштерин улантууга даярбыз. Бул маалыматтарды кат жүзүндө ооган өкмөтүнө жөнөттүк», – деди ал.

Андан тышкары өлкөлөр транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен катар ушул жылдын ичинде эки тараптуу товар алмашууну 1 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: