2021–жылы туристтик мезгилдин ачылышы менен «Ысык – Көл» аэропортуна Ош жана Жалал – Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул тууралуу «МЭА» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 18-июндан тартып, «Тез Джет» авиакомпаниясы Ош – Ысык-Көл – Ош жана Жалал-Абад – Ысык-Көл – Жалал-Абад эки туруктуу каттамдарды ачууда.
Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет жүргүзүлөт (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү).
Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет жүргүзүлөт (дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү).
«Манас” эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана бааларды көзөмөлдөп, ага таасир тийгизе албайт! Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык карым-катнашка кийлигишпейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ