Menu

КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Бөлүшүү:
Кечээ, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынын 2021-жылдын 24-25-майында Сочи шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы россия тарапка коронавирус пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы, анын ичинде кайтарымсыз негизде «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Р.А.Казакбаев дүйнөдө COVID-19 илдетинин өсүшү уланып жаткандыгына кабатырланып, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуда биргеликте өз ара аракеттенүү зарылдыгына көңүл буруп, кыргыз тарап жакын арада «Спутник V» вакцинасынын 80 миң доза көлөмүндөгү экинчи партиясынын келүүсүн күтүп жаткандыгын белгиледи.
Мамлекеттер ортосундагы авиа, автотранспорттук жана темир жол байланыштарды толук кандуу жандандыруу аркылуу экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Маектешүүнүн катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууну талкуулашты. Россия тарап Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыйроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар БУУнун Уставына жана башка эл аралык конвенцияларга ылайык кабыл алынган аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, эл аралык талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптерди бекем кармана тургандыгын тастыкташты.
Тараптар союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары интенсификациялоого ниеттенгендигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: