Menu

Отунбаева Атамбаевдин айыбын ачтыбы же эски кекпи?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча оюн билдирди.

Отунбаева Атамбаевге каршы тагылган айыптар адилеттүү жана мыйзам чегинде иликтениши керектигин билдирди.

Ошондой эле, Атамбаевдин акыркы сөздөрүн жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларды катуу сындады.

«Аялдардан, карылардан жана жаш жигиттерден айланасына чеп куруп алып, тергөө-иликтөө үчүн келишсе, куралдуу каршылык көрсөтөм деп жатат. Муну өзү оппозициялык ишмердик жана жеке эрдик катары кабыл алууда. А чындыгында бул анын саясий кудуретсиздигин жана адамдык жактан алсыздыгын көрсөтөт», —деди Отунбаева.

Отунбаева кошумчалагандай, азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен Атамбаев өлкөнү аймактарга бөлгүсү келгендигин айтты. Отунбаеванын бул сөздөрү эски таарынычыбы же чындык ушундайбы? Дегенибиз Бишкекте өтүп жаткан Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калды. Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына токтолуп:
“Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартып алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат”, – деп айткан.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: