Дааналап саткан сатуучу режиминдеги бизнеске 2 жылга салыктан жеңилдик берилерин Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Болот Жунусов 13-январда координациялык кеңештин жыйынында айтты.
Биринчи жылы салыктан толук бошотулуп, экинчи жылы – көзөмөл-касса аппаратын колдонсо, 1% гана төлөшөт. Анын айтымында, азыр көпчүлүк эл базар тармагында эмгектенет.
“Көпчүлүгү көзөмөл-касса аппаратын колдонушпайт, патент гана төлөшөт. Акыры касса аппараттары киргизилип, аппарат сатуунун көлөмүн көзөмөлгө алып, мамлекет чыныгы абалды аныктай алат. Мезгил өткөнү касса аппараты норма болуп калат. Патент системасы – дүйнөдө нонсенс. Бул 90-жылдары аргасыз киргизилген”, -дейт Болот Жунусов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ