Алматыда учак кулаган үйдө эч ким болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын орун басары Ерлан Алибеков Казакстандын журналисттерине билдирген.
Анын билдирүүсүнө караганда, учак курулуп жаткан үйдүн үстүнө кулаган жана ал жарылган эмес. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар департаменти, Улуттук гвардия, медицина борборунан 776 адам, 119 техника тартылып, 35 тез жардам кызматы келген. Учактагы 88 адамга эвакуация боюнча жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам кызматынын дарыгерлери 42 адамды оорукана алып кетишкен, алардын сегизи жаш балдар болгон.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин акыркы маалыматына караганда, 66 адам ооруканада, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.
Эртең, 28-декабрь Казакстанда “Аза күтүү күнү” деп жарыяланды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ