Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын сунушу менен “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирди:
- Саматбек Ибраев (КСДП);
- Максатбек Эгембердиев (КСДП);
- Марлен Маматалиев (“Республика-Ата-Журт”);
- Акыл Кемелов (“Республика-Ата-Журт”);
- Султанбек Анарбаев (“Кыргызстан”);
- Улугбек Садиков (“Кыргызстан”);
- Уланбек Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”);
- Мейкинбек Абдалиев (“Өнүгүү-Прогресс”);
- Аманкул Токтомамбетов (“Бир Бол”);
- Нурбек Мурашев (“Бир Бол”);
- Бурул Аманова (“Ата-Мекен”);
- Абдылдаев Шералы (“Ата-Мекен”).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ