Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ