Menu

Казакстанда коррупцияга шектелген аткаминер өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Казакстандын Костанай облусундагы Мендыкара районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Калыбек Жугинисов өз үйүндө асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жугинисов коррупция ишине шектелип, эки жумадан бери үй камагында отурган. 2-июнда анын аялы Костанайга кетип, аткаминер үйүндө жалгыз калган. Ошол эле күнү кечинде туугандары аны асынып алган жеринен табышкан.

Кесиптештеринин айтымында, Кызылордо облусунун Арал шаарында туулуп-өскөн Калыбек Жугинисов 2015-жылы Мендыкара районунун акими кызматына дайындалгандан кийин Костанай облусуна көчүп келген. Бир нече жылдан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Костанай облустук полиция департаменти «Өз жанын кыюуга жеткирүү» беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: