Бүгүн, 4-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал кайра курчуду. Бул тууралу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди чек ара бекети катары орното баштаган», – деп айтылат расмий маалыматта.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.
Тажиктер кыргыз аймагына 1000 метрдей тереңдеп кирип, бекет орнотуп алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ