Menu

КР Министрлер кабинети: Тажик тараптын «Унжу-Булак» участогу жазылгандыгы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» участогуна байланыштуу маалыматы боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

2002-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, учурда аны жазуу процесси жыйынтыктала элек.

Буга байланыштуу «Унжу-Булак» участогу жазылгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет, натыйжада, аталган участокту Тажикстан Республикасы тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: