Menu

Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ Ж.Баласагын атындагы КУУнун медициналык жабдыктарды алуу үчүн кореялык «Медисон» компаниясынын алдындагы төлөнө элек карызы боюнча маселени көтөрдү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чжэнин Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Министр Р.Казакбаев Ли Вон Чжэни Кыргыз Республикасындагы Элчи кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кореянын Элчиси көптөн бери чечилбей келе жаткан Ж.Баласагын атындагы КУУнун медициналык жабдыктарды алуу үчүн кореялык «Медисон» компаниясынын алдындагы төлөнө элек карызы боюнча маселени көтөрдү. Мындан тышкары, тез арада «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык жакшыртуу» долбоору боюнча Өкмөттөр аралык жана Кредиттик макулдашууну кароону жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү, жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн кылмышкерлерди өткөрүп берүү жана соттолгондорду экстрадициялоо жөнүндө макулдашууларды ратификациялоону өтүндү.

Өз кезегинде Министр Р.Казакбаев аталган маселелерди жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын Өкмөтүнөн өнүгүүгө расмий жардам алуу үчүн (ODA) артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин эске алып, Р.Казакбаев биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ли Вон Чжэ ошондой эле Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Соктун 2021-жылдын 3-5-апрелинде Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, учурда корея тарабы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин санариптештирүү боюнча долбоору каралып жатканын белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар жогорку деңгээлде иш сапарларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Министр Р.Казакбаев Кореянын тышкы иштер министрин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: