Menu

Москвадагы калайман мушташ боюнча камакка алынгандар 42 кишиге жетти

Бөлүшүү:

«Жалпысынан 13-14-июль күндөрү 42 киши күнөөлүү деп табылып, ар бири 15 суткага административдик камакка алынды», – деп жазды», -«Интерфакс» агенттиги соттун басма сөз катчысы Карина Каленовага шилтеме кылып.

Анын айтымында, сот отурумунда камалгандарды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралган жок.

Жакынкы күндөрү мушташтын башка катышуучулары боюнча материалдар сотко жөнөтүлөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин 11-июлда мигранттардын ортосундагы мушташтын катышуучулары Орусиядан чыгарыла турганы кабарланган. Жалпысынан полиция бул иштин алкагында 103 кишини кармаган. Алардын айрымдарына «Чет өлкөлүктөрдүн Орусияда жүрүү эрежелерин бузуусу» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: