Menu

УКМК: Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен кызматташууга келишим түздү

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын экс-мэри А.Суракматовго Биринчи Май райондук сотунун  мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чара чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды.

Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, А.Суракматов менен тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, А.Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 млн. кайтарып берген.

Калган чыгымдарды төлөө графиг боюнча А.Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

84 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: