Menu

Россиядагы элчилик депутат Айбек Осмоновдун депортация боюнча билдирүүсүн калпка чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мигранттарды жапырт депортация кылып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Орусиянын аймагында камактан бошотулган, улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, кыргызстандыктарды массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин маалыматына ылайык, июль айында Орусиядан 18 кыргыз жараны чыгарылган. Москва облусунун Сахаров айылындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбордо тогуз кыргыз жараны жатат. Алар жакынкы күндөрү Кыргызстанга жиберилет. Ал эми бир жаран убактылуу баш калка сураган. Мындан сырткары 12-июлда “Кузьминки” метросундагы мушташка шектүү катары 65 кыргызстандык кармалып турат. Элчилик кыргыз жарандарынын укугун коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

22-июлда депутат Айбек Осмонов Орусиядан ондогон мигранттарды депортация болуп жатканын айтып чыккан. Ушу тапта Орусияда миллионго жакын кыргызстандык жашап-иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: