Бүгүн, 16-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон Разиев Давлят Дилмуратовичке издөө жарыялады.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 1990-жылы туулган Давлят Разиев 9-октябрда, саат 14:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ал Кара-Жыгач селосундагы Пушкин көчөсүндө жашайт. Анын айдаган машинасынын маркасы “Шевроле”, кызыл түстөгү мамлекеттик номур 08 KG 016 AFS.
Чүй облусунун ШИИБси аны көргөн, билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго чалып коюну суранат. (0312) 36-35-23, (0709) 94-84-34 , (0704) 31-25-05, (0550) 34-33-63.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ