Кечээ, 10-декабрь күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтадан төрт адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан.
Жерине келген куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөктөрүн туугандарына өткөрүп беришкен.
Каза болгондор Лейлек районунун Айбике айылынын тургундары экени маалым болду. Алардын эң улуусуна 42 жаш, эң кичүүсү 23 жашта болгон.
Азыркы учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ