Menu

Дамир Мусакев, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы: “Мен Алмазбек Шаршеновичти башкаларга окшоп сатып кетпегеним үчүн өч алып жатышат. Мага карата жалаа жабып жатышканын жалпы эл көрүп турат”

Бөлүшүү:

Жыл башталгандан көп өтпөй, февраль айында экс-президент А. Атамбаевдин башкы жан сакчысы Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши козголгон эле. Анда Д. Мусакеевге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коопсуздук кызматындагы 9-бөлүмдү жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз менчиктештирди деген кине жабыштырылган. Ошентип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевге аскердик прократурасы тарабынан кылмыш ишин козгоп, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган. Д. Мусакеев А. Атамбаев президент болуп турган кезде анын күзөт кызматын жетектеп, (башкалар чылап жылт коюп кетпей) азыр да Атамбаевдин жанында. Ал эми алгачкы ага карата козголгон ошол кылмыш иши боюнча Мусакеевге козголгон кылмыш ишинде юристердин айткандарына таянсак мамлекет эч кандай мамлекеттик зыян тарткан эмес. Демек, Д. Мусакеевге козголгон кылмыш иши, ага коюлуп жаткан доо арыз негизсиз катары айтылып, экинчи тарап бул жерде тек саясий өңүттөгү иш болуп жатканын билдирип чыгышкан.

Кечээ жакында (7-майда) Д. Мусакеевге дагы бир кылмыш иши козголгону туурасында маалымат тарады. Көп өтпөй айрым бийликчил ММКларга«Д. Мусакеевге таандык» делген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн тизмеси жарыяланды. Анда Мусакеевге таандык делген ондогон жер тилкелеринин дареги айтылат. Бул туурасында Д. Мусакеев өзүнө мунун баары жалаа экендигин, жер тилкелери бар экенин бирок анын баары эмес, бир нечеси гана өзүнө таандык экенин айтты.

“Башкы прокуратура мага тийиштүү деп жарыялаган жер тилкелери тууралуу ачык айтайын. Эгерде ошончо байлыгым болсо, жатаканада жашабайт элем. Азыр болсо УКМКнын ардагери катары кызматтык батирде жашап жатам. Ата-энем айылда турушат, алар деле бай эмес, бирок өздөрүнө тың жашайт. 4 бир турганбыз, атам баарыбызга жер тйлкесин алыл берген. Бир туугаңдарым эски көп кабаттуу үйдө турушат. А мен болсо атам алып берген жерге үй салып жатам, бирок азыркы күнгө чейин бүтө элек. Мен Алмазбек Шаршеновичти башкаларга окшоп сатып кетпегеним үчүн өч алып жатышат. Мага карата жалаа жабып жатышканын жалпы эл көрүп турат “, – деди ал. Ошону менен бирге эле Дамир Мусакеев өзүнүн ак экендигин далилдеп, саясий куугунтук кылып, жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тарттыра турганын кошумчалады. «Эртеби, кечпи менин ак экендигим далилденет. Кудай буюрса мени каралап жаткандарды кылмыш жообуна тарттырам», – дейт, Мусакеев.

Азыр ушундай заман. Бардыгына эле оркоюп көрүнүп турат, экс-президентти сатпай, А. Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын чалып жок кылуу буюрутмасы жүзөгө ашып жатат. А бирок, «көккө» ыргытылган таш акыры кайра ошол эле жерге кайтып түшөөрүн бийликке кумарланып алгандар түшүнчүдөй түрү жок. А мындай нерсенин аягы эч качан, эч убакта жакшылык менен бүткөн эмес!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: