Menu

Министрлерге депутаттардын сындары

Бөлүшүү:

Транспорт жана жол министри болуп январдын аягында дайындалган Жанат Бейшеновго ЖК депутаты Рыскелди Момбеков төмөндөгүдөй суроо узатты:

– Жанат Саматович, сиз кесибиңиз боюнча инженер-куруучу экенсиз. Архитектура жана курулушту бүтүптүрсүз. Сиздин биринчи орун басарыңыз Жеңишбек Ногойбаев инженер-механик, эскиче компьютерщик, жаңыча айтканда, «айтишник» экен. Экинчи орун басарыңыз кесиби боюнча экономист, менеджер, үчүнчү орун басарыңыз инженер, стажер экен. Мындайча айтканда, транспорт жана жол министрлигинде саясый кызматта отурган төрт кишинин бирөө да жол тармагы боюнча кесиптин ээси эмес. Мен сиз ушул кызматка баратканда «жок дегенде бир жолчуну алыңыз» деп айткам, «макул» дегенсиз. Бирок чече албай койдуңуз өңдөнөт. Кубатбек Айылчиевич, бул өкмөттүн кадр саясатындагы калпыстыктары.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди ЖК депутат Абдывахап Нурбаев кызматтан кетирүүнү айткан:

– Дүйнөлүк банктан саламаттык сактоо министрлигине 11 миллион доллар каражат келген. Ал каражат аймактардагы 64 ооруканага жумшалышы керек болчу. Азыркы министр Чолпонбаев кызматка келгенде Дүйнөлүк банкка кат жазып, келишимге өзгөртүү киргиздирип, 101 миң долларга эки жолтандабас унаа сатып алган. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет ишти иликтеп чыгып, «премьер-министр саламаттык сактоо министринин иш ордун карасын» деген чечим чыгарды. Премьер-министр аны «өзүмдүн кадрым» деп алып келип алды. Өкмөт башчы досунун кызыкчылыгын карап, бирок, жалпы элдин, ошол тармактын кызыкчылыгын карабай, ушуга окшогон кадрларды кармап отурат. Булар негизи өзүлөрү «кечирип койгула» деп элден кечирим сурап кетип калышы керек болчу.

Мына биздин спикер, министрлердин абалы, бийлик башындагылардын деңгээли. Анан эртеңкиден эмнени үмүттөнөбүз?.. Ойгонолу, кыргызым!

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: