Кечээ, 28-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.
Тиешелүү далилдердин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, “Т.К.Р.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ