Menu

Президенттин Жарлыгы менен 28-ноябрь КР Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы күчүнө кирген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги чакырылышына депутаттарды жаңы шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү карайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Президент Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт.

Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

2021-жыл 29-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: