Menu

УКМК: Аламүдүндө куралдар жана ок-дарылар катылган жайлар табылды

Бөлүшүү:

КР УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз колдонууга багнытталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 жана калибри 5,45 × 39мм болгон ок-дарылар жашырылган жай табылды. 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Азыркы учурда алынган куралдын келип чыгышын жана бул жашырууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

КР УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошол эле учурда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: