Menu

УКМК: Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери 80 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкери кармалды.

Такталгандай, Октябрь РИИБнин кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым жарандарына акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом талап кылган.

Аталган материал Кыргыз Республикасынын УКМК 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 4-ноябрында КР ИИМ Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалды.

Кармалган ИИБ кызматкеринин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллар жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган.

Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: