Menu

Министрлер Кабинети жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүгө убактылуу тыюу салды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берилишине убактылуу мораторий киргизди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргыз Республикасында жогорку билимдүү медициналык кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайларынын саны бир кыйла көбөйдү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жогорку билимдүү медициналык кадрларды 22 ЖОЖ даярдайт, анын 5и – мамлекеттик жана 17си – жеке менчик окуу жайлары.

Акыркы 5 жылдын ичинде (2016-жылдан 2021-жылга чейин) 12 жылдык билим базасында 5 жылдык окуу мөөнөтү менен, англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн «Дарылоо иши» программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылды. Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда (5 арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес.

Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп, медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: