Menu

Октябрь РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери автоунааларды айдап качып, уурдап жүргөн жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 24-январь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна А.А. атуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, үстүбүздөгү жылдын 22нен 23чү январь түнү белгисиз бирөөлөр, 5 кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн короолорунун биринде токтоп турган «Honda Fit» үлгүсүндөгү автоунаны айдап качып, белгисиз тарапка ишин жашырып кетишкен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу ) фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын үчүнчү шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган Д.У. атуу жарандын өздүгү тартылып, Тергөө кызматынын жеткирилген. Кыргыз Республикасынын  Кыргыз Республикасынын  Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкек шаарынын  Октябрь райондук соту тарабынан, Бишкек шаарынын 1-ТКЖда эки айлык мөөнөткө кармоо менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Аталган жазык ишинин алкагында,  милиция кызматкерлери тарабынан  жол кырсыгын жазап качкан аталган автоунаа табылган. Мындан тышкары, дагы эки кылмыш фактысын жасоого анын мүмкүн катышуусу бар экендиги аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: