Menu

УКМК: Чек ара кызматынын кызматкерлери айдоочулардан системалуу түрдө опузалап пара алуу фактылары боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле бажы чек арасы аркылуу товарларды эркин алып өтүүгө тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Республиканын Чек ара кызматынын системасындагы коррупция боюнча маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун көзөмөлдөөчулөрү «А.Б.», «А.Н.», «А.Ж.», «А.Ж.» жана нөөмөт башчысы «О.Э.», ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу «Ж.А.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

УКМК тарабынан Аскер прокуратурасы менен биргеликте бул кылмыш ишин иликтөөнү улантып, анын алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарынын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: