Menu

AP: Кытай уйгурлар жашаган Шинжаңды ири түрмөгө айландырууда

Бөлүшүү:

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, Кытайда бери дегенде эле 1 милллион уйгур жана башка мусулман азчылыгынын өкүлү түрмөгө камалган.

Кытайдагы уйгурлар жашаган Конашехер аймагында дээрлик ар бир 25 кишинин бирөө терроризм айыбы менен камакка алынган. Associated Press (AP) агенттигинин маалыматына караганда, бул бир аймакта түрмөгө камалгандардын саны боюнча дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Агенттиктин колуна тийген тизмеде Шинжаңдагы Конашехер түрмөсүндөгү эле 10 миңден ашык уйгурдун аты-жөнү жазылган.

“Бул Кытай бийлигинин миллиондогон адамды саясий туткунга айландыруу өнөктүгүнүн масштабын чагылдырган эң чоң тизме болуп саналат. Ошондой эле муну көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жана укук коргоо уюмдарынын көп жылдык дооматтары да тастыктайт. Кытай уйгурларды көзөмөлгө алуу үчүн мыйзамдарды репрессиянын куралы катары колдонуп келет”, – деп жазылган макалада.

AP агенттиги камактагы уйгурлардын тизмеси анык экенин алардын 194үн тааныган тургундар менен сүйлөшүп, ошондой эле алардын даректерин, туулган күндөрүн жана идентификациялык номурларын текшерүү аркылуу ырастаган.

Конашехер — Шинжаңдын түштүгүндө жайгашкан калктуу конуштардын бири. Анда 267 миңден ашык киши жашайт. AP агенттиги жарыялаган тизмеге ылайык, бул райондо кармалгандар эки жылдан 25 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушкан. Алардын арасында коомдун бардык катмарынын өкүлдөрү, анын ичинде эркектер, аялдар, жаштар жана улгайып калган тургундар да бар.

Эксперттер бул көрүнүш адамдар уйгур болгону үчүн гана куугунтукталып жатканын ачык ырастап турарын айтууда. Өз кезегинде кытай бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып келет.

2019-жылы кескин эл аралык сындан кийин кытай өкмөтү уйгурлар эч кандай айып тагылбастан эле камалып келген убактылуу түрмө лагерлерин жапканын билдирген. Бирок талдоочулар дале болсо миңдеген уйгурлар терроризм айыбы менен ондогон жылдар бою абактарда кармалып турарын айтып келишет.

Кытайдын бийлиги акыркы жылдары терроризмге каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтып, көбүнчө мусулман азчылыктарды, анын ичинде уйгурларды куугунтуктоону күчөтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: