Menu

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Аткаминерлер канчалык кол алдындагыларга басым жасаса да, алар кабинага киргенде каалаган талапкерине добуш берет”

Бөлүшүү:

— Бакыт мырза, шайлоо башталганда эле аналитик болуп жылдызыңыз жанып калчу. Бул жолу көрүнбөй кеттиңиз да?

— Мен Варшавадагы ОБСЕнин жыйынынан жакында эле келдим. Ал жакта дүйнө жүзүндөгү 57 мамлекетке байланыштуу демократия институттары, сөз эркиндиги, адам укугу тууралуу маселелер козголду. Чындыгында ал жактан башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан тууралуу ой-пикирлер жакшы экендигин өзүм баамдадым. Жыйынга көбүнчө оппозициянын өкүлдөрү барат экен. Мен жыйында биздин өлкөдө болгон революциялар тууралуу маалымат бердим. Ал жакта Т. Исмаилова, А. Абдрасулова өңдүү өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери канчалык терс пикирлерин билдиришсе да, биздин өлкө ОБСЕнин көз карашы боюнча демократиялык баалуулуктарга басым жасаган 10 мамлекеттин катарына кирерибизди билип келдим.

— Кыргызстан дагы эмне жетишкенибиз менен айырмалана алат экен?

— Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери 25 жылдын аралыгында үч революцияны башынан өткөрдү. Биринчи революция А. Масалиевди бийликтен кетиргенде болду. Андан кийинки революцияларда Акаев менен Бакиевдин доору бүттү. Биринчи революция болсо көп митинг менен коштолгон жок. Ошол кездеги депутаттар эле анын тагдырын чечкендиктен Акаевди президент кылып дайындап коюшту. Ал эми мурдагы СССРдин курамына кирген республикаларда биринчи секретарлар президент болуп алышса, биз болсо ал кездеги мамлекет башындагы адамды алмаштырдык. Мына ушул жагынан биз алдыда баратабыз.

— Кийинки учурларда Сооронбай Жээнбековду аты-жөнүнөн айтпай коомчулукта да “Соке” деп атай башташты. Буга сиз эмне демекчисиз?

— Мен Жогорку Кеңештин аппаратында 15 жыл иштеп калдым. Ал кезде депутаттар көп эле. Ошондо Дооронбек Садырбаевди баарыбыз Доке деп койчу элек. Сооронбай Шариповичке Соке деп кайрылчубуз. Анткени экөө тең урмат-сыйга татыктуу эле. Сооронбай Шариповичти азыркыга чейин Соке десең угуп жатам дейт. Бул анын абдан жөнөкөйлүгүнөн кабар берет.

— Шайлоо өнөктүгүнө анализ жүргүзүп калчу элеңиз. Бул сапар кимиси ыңгайлуу жүрүш жасап жатат?

— Бабановдун Назарбаевге барып жолуккандыгы өзүнө терс таасирин тийгизчүдөй. Анткени биз аналитиктер шайлоодо ким жеңээрине байкоо жүргүзүп жаткан элек. Эми ал бир топ добушунан ажырап калды. Мындай чоң катачылык анын штабындагы саясий технологдордун жаңылыштыгынан улам болду.

— Бул шайлоодо деле баары бир административдик ресурс колдонуларын азыртадан айтып жатышат. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

— Жергиликтүү бийликтин башында турган аткаминерлер канчалык кол алдындагыларга басым жасаса да, алар баары бир кабинага киргенде өзүнүн абийири менен каалаган талапкерине добуш берет. Анткени ал жерде аким же айыл өкмөттүн башчысы жанында карап турбайт да. Ал жерден бир гана Кудай күбө болот.

— БШК көз карандысыз өзүнчө орган аталганы менен ал жердеги кызматкерлер бийликке көз каранды да…

— Алар элдин добушун кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн эч бурмалай алышпайт. Анткени борбордук серверге келген добуштардын жыйынтыгын ал жерде иштеген оппозициялык фракциянын өкүлдөрү карап турушат.

— Шайлоо боло турган күн улам жакындап келе жаткандыгын өзүңүз деле байкап жатсаңыз керек. Дегеним, учурда сизди эмне кооптондуруп жатат?

— Угушума караганда айрым талапкерлер шайлоо убактысы бүтө электе, тактап айтканда кечки саат 6га өзүнүн тарапташтарын шайлоо участкаларынын жанына топтолууга үгүттөп жатыптыр. Мунун алдын албасак чоң ызы-чуу чыгып кетүүсү мүмкүн. Андай ызы-чууну баарыбыз эмес Кудай да токтото албайт. Биз 15-октябрда шайлоо бүткөндөн кийин кечки саат 9га баардык талапкерлерди “Ата-Бейитке” чакырып жатабыз. Баардыгы ушундай ыйык жерден шайлоонун жыйынтыгын угуп, кайсы талапкер жеңип чыкса анын колун бекем кысып куттукташы керек. Спортчулар деле жеңилгенин моюнуна алып жеңүүчүнүн колун кысып жатпайбы. Мына ошондой маданиятты саясатка кыргыз эли киргизишибиз керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: