Menu

Инвесторлорго мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөөгө уруксаат берүү каралууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрүп жатат. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналарын айтып, парламенттик угуу катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ал эми вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, көп жылдары иштебей келгенин, ошондон улам, 2012-жылы кайра жаӊыртылганын эске салды.

Жыйын жүрүшүндө депутаттардын сынына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлор жай жүрүп жатканы, бир долбоор дагы аягына чыга электиги кабылды. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн билбейт же өнөктөштөр менен өз ара кызматташууга кызыкдар эмес деген пикирлер айтылды. Мындан улам мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга инвесторлордун өздөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөөгө жана аны мамлекеттик органдарга сунуштоого уруксат берүү каралууда.

Депутат Нодирбек Каримовдун пикиринде, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселеси Экономика министрлигин астында болушу керектигин айткан депутат Кубанычбек Нурматов келген инвестор мамлекет тарабынан кандай кепилдик берилерин билүүсү зарыл дейт.

Парламенттик угуунун катышуучулары МЖӨ долбоорун ишке ашырууда тармактык министрлердин алмашуусу менен дагы көйгөйлөр жаралган жагдайлар кездешерин айтып, мындай маселеге да көңүл буруу керек дешет. Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев МЖӨдө мамлекет тарабынан каржылоо маселесинде өлкөнүн өзүнчө инфраструктуралык фонду болушу керектигин айтып, бул боюнча Малайзиянын инфраструктуралык фондун мисалга тартты.

Суроо-жооп уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: