Menu

Тынчтык Корпусунун волонтерлору 2020-жылдан бери биринчи жолу Кыргыз Республикасына кайтып келишти

Бөлүшүү:

Бишкек – 13-июнь, 2022-жыл, Бүгүн Тынчтык Корпусунун 12 волонтерлору Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айындагы дүйнө жүзүндөгү эвакуациядан кийин биринчи жолу келишти.

Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия (ЕМА) аймагындагы волонтерлорду кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. Алдыдагы эки жылдын ичинде волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу жана  окуучуларга  англис тилин үйрөтүү менен алектенишет. 

Тынчтык Корпусунун волонтерлору негизинен айыл жерлеринде жергиликтүү мугалимдер менен тыгыз иштешет. Англис тилин үйрөнүп жаткан окуучуларды окутуу менен катар, англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатууга, мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга; ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт. Ошондой эле окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Соң-Kөл орто мектебинин англис тили мугалими Асель Шаршенбек кызы: “Тынчтык Корпусунун волонтерлорунун келишине абдан кубанычтабыз. Алар кыргызстандык окуучулардын билим алуусуна дем беришип, максаттарына жетүүгө жана терең билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам көрсөтөт. Мугалимдер жана волонтерлор бирге иштөө менен бири-бири менен ой-пикирлери менен бөлүшүп, кызыктуу сабактарды өткөрүшөт”.

Алгачкы үч айдын ичинде волонтерлор алдыдагы эки жылдык ыктыярчылык кызматына даярданышат. Волонтерлорду кызматка даярдоо курсу кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча ыкмаларын өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу ыкмаларын өздөштүрүүнү, ошондой эле маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт. Тынчтык Корпусунун 12 волонтеру АКШда тандоодон өткөн жогорку квалификациялуу жана өнүгүүгө чын дилинен берилген ыктыярчылар. Ошондой эле, Американын ар кайсы штаттарынан чогулган 24 жаштан 72 жашка чейинки волонтерлор Американын ар тараптуу экендигин тастыктап турушат. 

1993-жылдан бери Тынчтык Корпусунун 1250дөн ашык волонтеру Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте англис тилин чет тили катары окутуу программасынын алкагында иштеп келишкен. Тынчтык Корпусунун волонтерлору Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуусунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусунун негизинде иштешет. 

Тынчтык Корпусу жөнүндө маалымат алуу үчүн биздин веб-сайтка кириңиз www.peacecorps.gov.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Бактыгул Бекмуратова
2 years артка

Волонтерлордун келүүсү бирок ди кубантып жатат. Англис тили мугалими катары,окуучуларым үчүн кубанычтамын. Биринчиден окуучуларга англис тилин өркүндөтүүгө демилге,мугалимдерге да сабак өтүү ыкмаларын,баарлашуу,пикир алмашуу аркылуу,сабактарды кызыктуу өтүүгө эң жакшы шарт түзүлөт. Чоң -Сары-Ой айылы,О.Джумаев мектеби.

Комментарий калтыруу Бактыгул Бекмуратова Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: