Menu

Казакстандын Башкы прокуратурасы: Январь окуяларын 27 киши уюштурган, арасында “Дикий Арман” да бар

Бөлүшүү:

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын өлкөнүн түрдүү аймактарындагы 27 киши уюштурган деп эсептейт. Бул тууралуу 20-июндагы брифингде мекеменин Кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдирди.

Анын айтымында, Январь окуяларында негизги ролду “криминал”, анын ичинде “Дикий Арман” деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев ойногон.

“Ал шериктери менен бирге 6-январда уюшкандык менен Алматыдагы “Казакстан” мейманканасына топтолгон кылмышкерлерге “Глок” жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчаларды тараткан. Уюштуруучулар куралданган кылмышкерлерди 10 кишиден топ-топко бөлүп, аларга тапшырмаларды беришкен. Топ “башчыларына” бронежилеттер, башты коргоо каражаттары, ок атуу куралдары жана 200 миң теңге берилген”, – деди Шалабаев.

Анын айтымында, топтун калган мүчөлөрүнө таяктар менен куралдануу жана бири-бирин таануу үчүн билектерине ак түстөгү тасмаларды байлоо тапшырмасы берилген.

“Куралчан кылмыштуу топтор шаардын түрдүү бөлүктөрүнөн 24 кишини уурдап, Ritz Carlton жана “Казахстан” мейманканаларынын унаа токтотуу жайында күч менен кармап, сабашкан. Андан соң аларды шаар сыртына алып чыгып, темир контейнерлерге камап коюшкан. Ур-токмоктон улам ал адамдардын бири каза болуп калган”, – деди Шалабаев.

Ал бул кылмыштарга шектүү катары 40 киши камакка алынып, учурда буга тиешеси бар калган адамдарды издөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жалпысынан ушул күнгө карата Январь окуялары боюнча 5 миңден ашык кылмыш иши тергелип жатат.

Буга чейин Арман Жумагелдиев жапырт башаламандык уюштуруудан тышкары “Мыйзамсыз курал сактоо” жана “Мыйзамсыз адамдын эркиндигин чектөө” беренелери боюнча айыпталып жатканы кабарланган. Февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы январдагы толкундоолор маалында Жумагелдиев ыктымал шериктери менен бирге “көчөдө өтүп бараткан” 24 кишини уурдап, полиция кызматкерлерине кол салышканын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: