Menu

Эми Атамбаевге кандай жаза колдонулат?

Бөлүшүү:

Ошентип, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча КРнын Өкмөтү тарабынан ушул жылдын 26-августунда түзүлгөн комиссиясы өз ишин жыйынтыктап, парламенттин кароосуна сунуштады. Ачыгын айталы, жыйынтыктоочу баяндамада мамлекеттик кызматтарда иштешкен, эркин саясатчы болуп жүрүшкөн айрымдардын каргашалуу окуялардагы ордуларына, ролдоруна көбүрөөк басым жасалганы эле болбосо, биз күтпөгөндөй жаңы фактылар, жагдайлар деле ачылган жок. Анткени, Кыргызстанда акыркы жылдарда туруктуу жашап, саясатка, коомдогу процесстерге кайдыгер карабаган кандай адам болбосун, ал окуялар эмнеден улам келип чыккандыгын, анда негизги уюштуруучу жана шыктандыруучу, ошол эле мезгилде негизги демөөрчү ким болгондугун жакшы билет. Ошондой болсо да аталган Комиссиянын баяндамасына өзүбүз билгендерди да кошумчалап, окуя кандай өнүгүп, кульминациялык чегине кантип жеткендигин окурмандардын эстерине дагы бир жолу салып коюуну чечтик

АШАнын соосунда гана эмес, мас убагында деле ыгы келсе да, келбесе да кудай жөнүндө оозанып, өзүнө байлыкты да, бийликти да кудай берип келаткандыгын кайталай берчү адаты бар болчу. Анысы Кыргызстандыктарды гана эмес, кудайдын өзүн да жадатып бүтсө, жараткандын көзү АШАга эмес, Кыргызстандыктарга түз экен, элдин, мамлекеттин ырыскысынан тойгончо жеп алып, анысына мактанып, ыйманын жеп калп айткандарды жаман көрөт экен, 2018-жылдын 26-январындагы Бишкек ЖЭБиндеги авария менен мурдагы бийликтин былык-чылыктарын иттин кардын жаргандай кылып ачып ичегидей чубап салды. Ал авария болбосо, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу уурдалгандар, тонолгондор көпкө чейин, мүмкүн, биротоло билинбей да калат беле, бирок андай афераларга пенделер чыдаса да, Кудай чыдабады. АША баштагандар аны айрым адистердин шалаакылыктарынан болгон катардагы кокустук катарында көрсөтүп, иликтеп, тергеп-тескөө иштерин тереңдетпөөгө аябай аракеттеништи. Бирок, аны жабылуу бойдон калтырганга дареметтери жетпей, ага бут тоскулары келгендердин бардыгы кызматтарынан айдалышкандан кийин, алар АШАнын айланасына биригип алып, аракеттеги президентке ачык каршы чыгып, кандай жолдор менен болбосун аны жаманатты кылганга өтүштү. Мурда жаңы шайланган президентке конфиденциалдуу түрдө таасир көрсөткөнгө аракеттенсе, 2018-жылдын 31-мартынан АША ачык сындаганга, опузалаганга өттү. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан коррупциялык механизмге тийиштүүлөр кызматтарынан алынып, камалып, башка да коррупциялык иштер ашкереленген сайын, өзүнө укуктук сыйыртмактын жакындап келаткандыгын, жаңы бийлик ал каалагандай тактеке болбостугун ачык түшүнгөн АША аракеттеги бийликке гана эмес, мыйзамдуулукка, мамлекетке каршы чыга баштады. Комиссия АШАда бийликти куралдуу төңкөрүш аркылуу кулатып, өз адамдарын алып келүү планы болгондугун аныктады, ага төмөндө токтолобуз. Бирок, ага чейин АША кайсыл жазык иштери боюнча айыпталгандыгын окурмандардын эстерине сала кеткибиз келет.

АШАга кандай айыптар коюлган?

Убакыт өткөн сайын АШАга байланышкан шектүү жана кылмыш иштер көбөйүп жүрүп олтуруп, акырында аларга укуктук баа берүү максатында анын тергөө жүргүзүлүп жаткан бир катар иштерге, анын ичинде А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууга, “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга катыштыгы бар экендигине байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-июнунда экс-президент А.Ш.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн атайын убактылуу комиссия түзүлгөн.

Анын корутундусунун жана Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун демилгесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы токтому менен АШАга каршы төмөнкүдөй:

1). Чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ок атуучу куралды мыйзамсыз берүү;

2). Кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу;

3). Кой-Таш айылындагы участокту мыйзамсыз алуу;

4). Мыйзамсыз баюу;

5). Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция;

6). Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз жеткирүүгө катышуу, – деген алты пункт боюнча өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча күнөө коюлган.

КРнын Башкы прокурору атайын комиссиянын материалдарын карап чыгып, алты пункттун ичинен беш пункт боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А.Ш.Атамбаевдин иш-аракетинде өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар деген корутунду чыгарган. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул жылдын 27-июнунда А.Ш.Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу жөнүндө токтом кабыл алган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “А.Ш.Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө” 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI токтому). Андан кийин ага Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына келүүгө үч жолу чакыруу кагазы берилген, биринчиси – 2019-жылдын 9-июлунда саат 10.00го, экинчиси – 2019-жылдын 11-июлунда саат 10.00го жана үчүнчүсү – 2019-жылдын 19-июлунда саат 10.00го. Бирок А.Ш.Атамбаев жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын четке кагып, ЖМК аркылуу суракка келүүдөн ачык эле баш тартып, эгерде аны мажбурлап алып келүү аракеттери көрүлө турган болсо ок атуучу курал колдоно тургандыгын билдирген.

Бул жагдайды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан А.Ш.Атамбаевди анын жашаган жери боюнча суракка алуу чечими кабыл алынып, 2019-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов жана тергөө тобунун жетекчиси Э.Ж.Аширходжаев А.Ш.Атамбаевдин үйүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылына тергөө иштерин жүргүзүүгө барышкан. Бул жолу дагы А.Ш.Атамбаев үйүндө жүргөн өзүнүн тарапташтары менен мыйзамдын талаптарын бузуп, аларды үйүнө киргизбей коюшкан. Мына ошондон кийин ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси Э.Аширходжаев АШАны мажбурлап алып келүү боюнча токтом чыгарып, ал максатта атайын топ түзгөн.

Төңкөрүшкө кантип даярданган?

2019-жылдын башталышынан бери АША өзү тарабынан көзөмөлдөнгөн ЖМКларда учурдагы президентти, анын айланасындагыларды жаманатты кылууну өзгөчө күчөтүп, фейктер, троллдор аркылуу жалган айыптоолорду, ушактарды таркатып келди. Жыл башынан 7-июнга чейин 5 жолу же 17-мартта, 7-апрелде, 8-июнда, 3-июлда, 5-августта митингдерди өткөрүп, ал парламент каникулдан келери менен же 3-4-сентябрда куралдуу төңкөрүштү ишке ашыруу планы болгондугун комиссиянын жыйынтыктарынын негизинде айрым ЖМКлар жазып чыгышты. Адегенде ал 3-июлда Акүйдү, стратегиялык мамлекеттик мекемелерди басып алууну болжолдосо, анда жетишерлик санда тарапташтары, акча алгандар чогулбай калгандан кийин жайында канча аракет кылса да ойдогудай санда адамдарды жыйнай албашын, анын үстүнө парламент каникулда жүргөндө басып алуу жолу менен келген бийликти легитимдештирүү кыйын экендигин түшүнүп, чечүүчү аракетин сентябрдын башталышына калтырган. Бирок, ал өзүнүн карасанатай максатына жетпеди, 8-августта камакка алынды. Эгерде ага анда чек коюлбаса, сентябрда ал көптөгөн адамдардын өмүрлөрүн тобокелге салып, көптөрдүн убалына калмак экен. Убагында Ф.Куловго “миң адам өлсө да бийликти алабыз” деп билдирген АША өз максатына жетүү үчүн эч кимди аямак эмес. Муну АШАнын өзүнүн гана эмес, жакын тарапташтарынын билдирүүлөрү да ырастайт. Алсак, АША 2019-жылдын 3-июлунда максатташтары менен жолукканда сүйлөгөн сөзүндө: “Аягында жаман бүтөт, мүмкүн, Кыргызстан бөлүнүп кетет” деп, сепаратисттик максаты бар экендигин жараналаса, ошол жолугушууда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Карамушкина: “Бул бийликке тынчтык бербейбиз, акыры алып түшөбүз”- деген билдирүү жасаган. Фархат Баабиев дегени Аман дегени менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө “…оштуктарды талкалаш керек, бизнестерин өрттөш керек” деген чакырык кылып жатканы жазылып калган. Апрель революциясына катышкандар үчүн бөлүнгөн каражаттарды, көмүрлөрдү кайсап жүргөн М.Мискенбаев дайыма аймактарды, элди кайраштырган чакырыктарды жасап келгендигин жакшы билебиз. Буларга кошумча АША 5-августта “Кой-Таш элдик республикасы түзүлгөндүгүн” жарыялаган. Же анын Кой-Таштагы хан сарайы мамлекет, эл үчүн өтө коркунучтуу жыландардын уюгуна айланган десек эч кандай апырткандык болбойт.

Өз максатына жетүү үчүн АША өз хан сарайынын тегерегине таштарды төктүрүп, бетон плиталарды, эшиктерине темир торлорду орнотуп, кум толтурулган каптардан бункер да жасатып, адамдардан, өзгөчө аялдардан, балдардан, кары-картаңдардан тирүү шит түзгөнгө аракеттенген. Ал жерге келгендерге күнүнө 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин таркатылып турган. Же ал сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө ок атышкан катуу кармашка даярданган.

Комиссия Кой-Таштагы 7-8-августта болуп өткөн окуяларга түздөн-түз Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев күнөөлүү экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарды. Бирок, ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана өздөрүн оппозициячыл деп эсептеген саясатчылардын да катыштыгы бар экендигин, алардан азырынча Равшан Жээнбеков гана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилбесе, 7-8-августтагы тополоңдордо шыкактоочу катализатордун ролдорун аткаргандардын бирине да адекваттуу чаралар көрүлбөй жаткандыгын баса белгилей кетишибиз керек.

Эгерде бирөөлөр адамдарды өлтүрүп же барымтага алып, кордоп жаткан убакта алты саны аман, дени карды соо адамдар андай көрүнүштөргө кайдыгер карап отуруп, кылмыштын толук ишке ашырылуусуна жол беришсе, мыйзамга ылайык, алар да күнөөлүү деп табылат. Кырсыкка кабылгандарга жардам көрсөтпөй кеткендери үчүн айыпталгандарды соттун практикасынан жетишерлик эле жолуктурууга болот. Бирок, АША, анын тилектештери трайбалисттик максаттарда гана эмес, мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу жөнүндө чакырыктарды жасап жатышканда аларга, алардын жанында жүргөндөргө убагында адекваттуу чаралар көрүлбөгөнүн кагылышуу коркунучу менен түшүндүрөлү дейли, бирок АША “Альфачыларды” аткылап, бирөөн өлтүрүп, беш-алтоосун жарадар кылып, алтоосун барымтага алып, уруп-сабатып жатканда ал окуяларды карап турган мамлекеттик кызматкерлерлерге, саясатчыларга, жөнөкөй жарандарга карата эмне үчүн алиге чейин адекваттуу чаралар көрүлбөй жатат? АША 2019-жылдын 27-июнунда кол тийбестиктен ажыратылган, бирок эмне үчүн андан кагылышуулар болгонго чейин УКМК тарабынан бекитилген жан сакчылар чакыртылып алынган эмес? 7-августта АШАнын хан сарайын УКМКнын атайын жоокерлери штурмалап жатышса, аны бункерде УКМКнын бир нече жоокери коргоп турушкандыгы деги акыл-эстүү логикага сыябы? Кокус, ал жерде чекисттер бири-бири менен аткылашып кетсе, эмне болмок? Жок дегенде эмне үчүн аларды 7-август күнү эртең менен чакыртып алышкан эмес? Мындай шермендечилик үчүн ким жооп берет?

Комиссия 7-8-августтагы окуяларды мүнөттөрүнө, сааттарына чейин сыдыргыга салып, элге жарыялады, аларды кайра кайталап, санап чыккандын кажети жок. Генерал Артур Медетбеков туура белгилегендей, АШАны күч аркылуу суракка алып келүү аракети толук мыйзамдуу, атүгүл кыйла кечигүү менен болгондугун айткыбыз келет. Генералдын айтымында, эгерде дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун жаран суракка келүүдөн баш тартып, чагымчыл билдирүүлөрдү жасап, конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылса, ага карата мыйзам чегинде аёосуз чаралар көрүлмөк. Мында дагы бир кошумча суроо жараткан АШАнын Курсан Асановго берген жоболоңдуу сары пакети жөнүндө болууда. Ал пакетте чын эле Исмаил Исаков болжолдогондой, АШАнын чет өлкөлөрдөгү банктардагы эсептеринин даректери болгонбу же ал ИИМдин жетекчилеринин фантазияларынан жаралгандарбы? Акча десе эт-бетинен кеткен АШАнын анча эсептердин тагдырын кайнаса каны кошулбас генералга жөн эле берип койгонуна ишенүү өтө эле кыйын. Эгерде чын эле планшетте андай нерселер болсо, логикага ылайык, АША аны К.Асановго бербей эле мурда эле ишенимдүү жерге бекиттирип салмак деген ой кетет. Чындыгында бул ой акыл-эстүү логикага жакын.

Ошентип, АША кармалып, анын жоруктарын комиссия мүчөлөрү дагы бир ирет сыдыргыларынан өткөргөн менен кошумча суроолорду пайда кылып, ойлондура турган жагдайлар дагы деле көп экендигин айта кетели. Аларды сөзсүз аягына чыгаруу зарыл.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: