Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “АКШда кыргыз тилдүү эркин гезиттердин кесиптик, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, сөз эркиндиги, демократиянын абалы боюнча сүйлөштүк”

Бөлүшүү:

-Бегалы мырза, АКШга оппозициялык маанайдагы саясатчылар, журналисттер болуп барып келдиниздер. Океандын ары жагына баруунун максаты эмне болчу?
-Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү АКШга, Россияга байма-бай каттап жатышат. Ал эми оппозиция болсо акыркы жылдарда өз казанында эле кайнап, эки жака сейрек чыгып калган. Биздин максат да АКШдагы демократиялык институттардын иштери менен таанышып, тажрыйба алмашып, алардын биздин өлкө тууралу ойлорун билип, алар тууралу биздин ойлорубузду бөлүшүп, дүйнөдөгү чакырыктарга аларадын позициясын билели деп чыкканбыз.
-Эмне үчүн башка өлкөнү эмес АКШны тандадыңыздар? Маселен орустар менен иштешүү мүмкүн эмеспи?
-Биз тышкы саясатта көп векторлуулукту жактагандарданбыз. Бир векторлуу саясат жүргүзүү эмнеге алып келерин акыркы жылдарда көрүп жатабыз. Кыргыз мамлекети орустар менен да, америкалыктар менен да, европалыктар менен да, азиялыктар менен да тыгыз иштешүү керек. Бирок, улуттук кызыкчылык эң биринчи орунда туруш керек. Ким менен достошуп жатсан да, ошол досуңдан кыргыз мамлекетине эмне пайда алып келемин деген ой көкүрөктө туруш керек. Глобалдуу дүйнөдө кыргыз мамлекети өз алдынча бөлүнүп жашай албагандан кийин, ошол дүйнөнүн алкагында кыргыз мамлекетине кызмат кылуунун гана жолдорун издеш зарыл. Бул айрыкча бийликте олтурган эрендерге көбүрөөк тиешелүү. Мына, орто кылымдардагы трайбалисттик идеология менен бийликти басып алгандар бир гана Россияга таянып мамлекет башкарабыз деген кулчулук психология менен эмнеге жетишишти? Мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек кетти. Өздөрүн бир ууч трайбалисттерден башка эч ким сыйлабай калды. Алтургай Россия да сыйлабай айткан убадаларын аткарбай койду. Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү боюнча 2017-жылга чейин кабыл алынган 5 жылдык стратегиясында мактанган 7 миллиард доллар инвестиция кана? Ал стратегиянын мөөнөтү бүтөрүнө 1 эле жыл калды. Баары куру убадалар бойдон турат. Бирин-серин бүткөн долбоорлор мурунку режим баштап кеткен эле иштер. Эми уялбай ошол мурунку режим баштаган иштерди өздөрүнө ыйгарып алып мактанып жатышат. Туруксуздук өкүм сүргөн, бийлик улам күч менен басып алынып турган, көмүскө идеологиясы орто кылымдардагы бөлүнүп-жарылуу идеологиясы болгон мамлекетке ким инвестиция салмак эле?
-Кээ бир маалымат каражаттары сиздерди тыйын издеп кетти, АКШдан тыйын алып келип орус саясатына каршы чабуул жасайт деп чыкты. Биринчи эле максат ошондой болгонбу?
-Оппозициялык маанайдагы саясатчылар, журналисттер гана эмес, биз барганда бийликчил көз караштагы КСДПчы Жанар Акаев баштаган депутаттардын тобу да АКШда жүрүштү. Бийлик өкүлдөрү АКШга, Россияга тынбай катташса көңүл бурушпайт, оппозиция айда-жылда бир чыкса “акчага кетти” деп чуу салышат. Кечээ эле АКШнын жоон топ конгрессмендери Алмаз Атамбаев менен анын кол баласы Чыныбай Турсунбековго жолугушуп кызматташуу тууралу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Булардын акча сурагандан башкага акылы жетпейт, ошондуктан ага көнүп алышкан алардын “арзымат” журналисттери бизди да акчага кетти деп ызы-чуу салып жатышпайбы. Ал эми орус тилдүү “Дело N», «Вечерний Бишкек» сыяктуу гезиттер булар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде олтурган атайын кызматтын адамдары аркылуу орус акырынан жем жегендер. Биз Кыргызстанда Россиянын кызыкчылыгын коргойбуз деген шылтоо менен миллиондогон гранттарды тымызын алып жешет. Эми биздин АКШга кеткен сапарыбыздан чуу чалып, Россияга “мына, кыргыз оппозициясы Америкадан чоң акча алып келип, Россияга каршы иштейт, ошондуктан силер да бизге чоң акча беришиңер керек, биз Америкага каршы иштеп беребиз” деген ойду кыйытып, орус бюджетинен өздөрүнө акча бөлдүрүүгө жанталашууда. Ал эми айрым кыргыз бийлигинин акырынан жем жеген кыргыз басылмалары ошону эле кыргызчалап, өздөрүнө ылайыктап берип жатышты. Биз болсо өз чөнтөктөрүбүздөн эле акча төлөп барып келдик. Алтургай жаш саясатчы Адил Турдукулов жолго кетчү чыгымды учарга жарым күн калганда тапты.
-Кимдер менен жолугушуу өттү, кандай багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңүздөр?
-Биз АКШга бараткандар башынан эле баары ачык болсун деп сүйлөшкөнбүз. Бийликтин “арзыматтары” артыбыздан ар түрдүү ушак таратарын билгенбиз. Ошондуктан баскан-турганыбызды ачык эле айтып жүрдүк. Биз АКШнын Мамлекеттик департаментинде, Улуттук демократияны колдоо фондунда, Фридом хаус уюмунда, “Америка үнү” радиосунда жолугушууларда болдук. Алар бизди аябай жылуу кабыл алышты, жакшы маанайда пикир алыштык. Кыргызстандагы демократиянын абалы, сөз эркиндиги тууралу көп кеп кылдык. Жаңы түзүлгөн Сөз эркиндигин коргоо комитети тууралу айтып бердик. “Республика” гезитинин башкы редактору, орус тилдүү журналист Замира Сыдыкова кыргыз тилдүү эркин гезиттерди колдоо боюнча аябай маанилүү демилгени көтөрдү. “Кыргыз тилдүү бийликчил гезиттер бюджеттен акча алышат, андан сырткары бийлик аларга бай ишканаларды реклама менен байлап коюшкан, ал жактан каржыланышат. Бийлик өкүлдөрү эркин гезит демиш болуп ачкан айрым гезиттер да “Кумтөр”, “Манас” аэропорту, “Мегаком” ишканалары аркылуу каржыланып, материалдык-техникалык базалары жакшы. Региондордо кабарчылары бар. Алар бийликти мактап, оппозицияны каралоо менен гана алек. Ал эми чыныгы эркин гезиттер дайыма каржылык муктаждык менен иштешет. Региондордо кабарчыларды кармоого каржылык ресурстары жетишпейт, ошондуктан Бишкек менен гана чектелишет. Транспорт, оргтехника тартыш, айрыкча компьютерлери эски жана жетишсиз. Ошондуктан эл аралык фонддор кыргыз тилдүү эркин гезиттердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, аларда иштеген журналисттердин кесипкөйлүгүн арттырууга жардам берсе деген демилге көтөрдү. Дегеле Замира Сыдыкова кыргыз тилдүү эркин гезиттердин көйгөйлөрү боюнча баардык жерлерде коңгуроо кагып жатты. Мен да бул идеяны коштоп кеттим. Кыргыз тилдүү эркин ММКлардын медиа-холдингин түзүү тууралу идеямды айтып бердим. Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандагы бийликтин көзүн карабаган эркин ММКлар үчүн атайын көз карандысыз маалыматтык агенттик түзүү тууралу идеясын сунуш кылды. Ал агенттик баардык эркин басылмаларды ар түрдүү эркин маалыматтар менен камсыздап турушу керек, айрыкча региондордон. “Заноза” сайтынын башкы редактору Дина Маслова мурун ал жетектеген “Вечерний Бишкек” интернет-басылмасын бийлик рейдерлик жол менен кантип басып алганын, андан кетип калган чыгармачыл топ “Заноза” сайтын уюштуруп, кантип өнүгүп жатышканын айтып берди. Мен өзүмө караштуу “Кыргызстан бүгүн” сайтынын максаттары менен пландары тууралу ой бөлүштүм. Таластагы Next телеканалы “Америка үнү” радиосунун теледолбоорлору менен кызматташуу келишими боюнча макулдашышты. “Искра” гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев америкалыктарды кыргыз эли менен кызматташууга, бирок грант жегич президенттик-авторитардык бийлик менен кызматташпоого чакырды. Блогер Адил Турдукулов басма сөз эркиндиги эле эмес, дегеле сөз эркиндигин коргоо боюнча ойлорун бөлүштү. Биз жолуккан жерлерде биздин баардык ойлорубуз колдоо тапты.
-Биздеги саясий абалга алар кандай баа беришет экен?
-Америкалыктар Кыргызстандагы ички саясый абал боюнча өтө кылдаттык менен сүйлөп, аяр мамиле кылып жатышты. Эч кимди сындашкан жок. Болгону Кыргызстандагы демократияны, сөз эркиндигин сөзсүз колдой турганын билдирип жатышты. Делегация тараптан парламенттик өлкө курабыз деп убада берген бир ууч саясый топ эркиндикти сүйгөн кыргыз элин алдап, президенттик-авторитардык мамлекет куруп жатканы айтылды.
-Оппозициялык саясатчылар АКШ же болбосо Россиядан колдоо күтө беришет. Өзүбүздүн саясатыбызды алардын колдоосу жок жүргүзсөк болбойбу?
-Оппозициялык саясатчылар эмес бийликчил саясатчылар ошондой күн карама позицияда жүрүшөт. Мына, 2010-жылы Россиянын жардамы менен бийликке келген Атамбаевдин командасы акыркы 6 жылда Кыргызстанды Россиянын бир губерниясына айлантты. Россиянын басымы астында суу-энергетикалык комплексти пайдалануу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өзү тең ата сүйлөшө албай, Россияга өткөрүп берди. Эми бул багытта Ислам Каримов менен Путин гана сүйлөшүп келатышат. Премьер-министрибизди да Темир Сариевдин мисалында Россия дайындап калды. 3,2 миллиард доллардык алтыны бар Жерүй алтын кенин россиялыктарга 100 эле миллион долларга берип салды. Эми Жерүй алтын кенинде Кыргызстандын 1% да үлүшү калбады. Миллиондогон долларга тете инфраструктурасы бар “Кыргызгазды” Россияга 1 долларга сатып жиберишти. Али курула элек “Жогорку-Нарын ГЭС каскаддары” үчүн Россияга 37 миллион доллар акча карызбыз деп кол коюп беришти. Бажы чек араны көзөмөлдөөнү Россиялыктарга берип, анын натыйжасында быйыл 1 миллиарддан ашык бажы төлөмдөрү бюджетке түшпөй калганы белгилүү болду. Мегакомду россиялыктарга сатканы жатышат. Сырткы карызыбыз ИДПнын 60%нан ашпаш керек деген мыйзам бузулуп, азыр өздөрү моюнга алганы боюнча 68%дан ашты. Иш жүзүндө 75%дан ашып кеткен. Бул 60%дык норма дүйнөлүк практика. Тышкы карызы Ички дүң продукциянын 60%нан ашкан өлкө банкрот болот, дефолт болот деген сөз. Мындай учурда уяты бар бийлик өзү отставкага кетет. Ал эми биздин бийлик бетти калың кылып дагы карыз сурап жүрөт. Ал эми бийликтин “арзыматтары” 60%дык норманы мыйзамдан такыр алып салуу боюнча демилге көтөрүп чыгышты, бул анекдот. Эми Атамбаев америкалыктарга көз ымдап, когрессмендерин кабыл алып, депутаттарын Америкага жумшап, элчини кодулап былтыр өздөрү денонсациялап салышкан Америка менен кызматташуу тууралу келишимди кайра калыбына келтиргени сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Эми айта берсең сөз көп.
Госдеп май 2016 3
Фридом хаус май 2016
Суроо салган Наралы Асанбаев
Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: