Menu

Бишкектиктердин коопсуздугу үчүн коомдук транспорттун реформасы

Бөлүшүү:

Учурда Бишкектеги коомдук транспорттун абалы мышык ыйлаарлык абалда. Мындай система атайын орнотулган, анткени ал жарандардын кызыкчылыктарына эмес, мэрия чиновниктеринин тар чөйрөсүнө кызмат кылат.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы билдиргендей, борбор калаанын коомдук транспортуна инфраструктураны өнүктүрүү жагынан да, шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын ачыктыгын башкаруу жана жогорулатуу жагынан да реформалар керек. Анткени күнүгө коомдук транспортту колдонгон жөнөкөй бишкектиктердин өмүрү менен ден соолугу баарынан кымбат.

Жүргүнчүлөрдүн артынан кубалап жүрүп, маршрутка айдоочулары жол эрежелерин бузуп, жол тыгындарын жана авариялык абалга шарт түзүшөт. «Бишкектин коомдук транспорту тез жана эффективдүү реформасына муктаж, анткени маршруткалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын саны көбөйө берет», – деди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Нурдин Абдылдаев.

Мындан тышкары, Бишкектеги жүргүнчүлөрдө тандай турган деле эч нерсе жок: муниципалдык транспорт аз санда жана бардык эле жерде жүрө бербейт, айла жоктон маршруткага түшүүгө аргасыз болушат.

Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, күнүгө борбор калаанын жолдоруна 2 700 маршрутка, 100 троллейбус жана 110 автобус чыгат. Маршруткадан арылуу үчүн 800 автобус жана 150 троллейбус керек, бирок мэрия бул ишти аткара албай жатат. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, катталбаган, казынага акча түшүрбөгөн, бирок үстүнөн карап тургандарга акча берип турган маршруткалардын саны 2 эсе көп.

Ошентип, Бишкек шаар мэриясында отурган маршруттук компаниялардын ээлеринин барымтасында калды. Булар жеке компаниялар көбүрөөк пайда тапсын деп муниципалдык транспорттун өнүгүшүнө жол бербей жатышат.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы бишкектиктер жана шаар меймандарын ташуу кызматын жакшыртуу максатында коомдук транспорттун толук реформасын жасайт.

Убакыттын өтүшү менен маршруттук таксилер шаардын борборунан кетиши керек. Алардын ордуна кичи, орто жана чоң көлөмдөгү автобустар менен троллейбустар келиши керек.

«Жаңы жана коопсуз унааларды алып келишибиз зарыл, элдин коопсуздугунан үнөмдөөгө болбойт», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: