Үстүбуздөгү жылдын 20-июнунан 21-июнуна караган түнү Түркиянын Гиресун провинциясынын токоюнан адам колдуу болуп каза болгон аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. болуп аныкталды. Бул тууралу ТИМдин басм а сөз кызматы билдирет.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды. Башкы консулдук тарабынан жүк-200дү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси иштелип жатат.
Бул жагдай Министрликтин көзөмөлүндө турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ