Menu

Өзбекстандын Конституциясы өзгөрсө Каракалпакстан суверендүү макамынан ажырап калышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү долбоорунда Каракалпакстанды суверендүү макамынан жана республиканын курамынан чыгуу укугунан ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу “Медиазона” басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын “Каракалпакстан Республикасы” деген бөлүмүндөгү алты берененин бешөөнө тиешелүү.

Өзбекстандын азыркы Конституциясында Каракалпакстан суверендүүлүгүн Өзбекстан коргой турган суверендүү республика катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Каракалпакстанда жергиликтүү элдин катышуусунда өтө турган референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу бар экени жазылган. Баш мыйзамга сунушталып жаткан азыркы өзгөртүүлөрдө бул нормаларды алып салуу каралууда.

“Газета.уз” басылмасы Өзбекстандын Конституциясын реформалоо боюнча комиссияга шилтеме кылып, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү Каракалпакстандын парламент (Жогорку Кеңеш) депутаттары иштеп чыкканын жана ал “бир добуштан” жактырылганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, аймактын жашоочуларынан Жогорку Кеңешке “Каракалпакстанды Өзбекстандын ажырагыс бөлүгү деп аныктоо тууралуу көптөгөн сунуштар келип түшкөн”.

“Медиазона” кабарлагандай, конституциялык комиссия сунушталып жаткан өзгөртүүлөр “каракалпакстан жана өзбек элдеринин биримдигин чыңдоого”, ошондой эле “Бир өлкө – жалпы келечек” идеясын бекемдөөгө багытталганын билдирүүдө.

25-июнда Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев демилгелеген өзгөртүүлөрдө башка сунуштар менен катар президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сунушу да бар. Мындан тышкары азыркы мамлекет башчынын буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарылып”, ал кайрадан өз талапкерлигин коюу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Каракалпакстан Өзбекстандын жалпы аймагынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат. 1930-жылы Каракалпак автоном облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылып, түздөн-түз РСФСРдин баш ийүүсүнө өткөн. 1936-1990-жылдары Каракалпакстан АССР катары Өзбек ССРинин курамында болгон.

1990-жылы декабрда Каракалпакстан автоном республикасынын парламенти өлкөнүн толук эгемендигин камсыздай турган “Мамлекеттик суверендүүлүк тууралуу” декларация кабыл алган. Бирок 1993-жылы өзбек өкмөтү Каракалпакстан бийлиги менен “Каракалпакстан Республикасынын Өзбекстандын курамына кирүүсү тууралуу” 20 жылдык мөөнөткө мамлекеттер аралык келишимге кол коюшкан. Ал макулдашууда автоном республиканын референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгууга укугу бар экени жазылган. Бирок 2013-жылы келишим мөөнөтү аяктагандан кийин андагы убадалар унутулуп, бул маселени көтөргөн “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын мүчөлөрү кысымга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: