10-сентябрь күнү Жети-Өгүз РИИБне райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Даркан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс учу жок акыбалында ооруканага алып келингендиги боюнча маалымдалган.
Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу териштирүү жүргүзүү учурунда, Даркан айылынын 31-жаштагы тургуну С.К. жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичишип, түнкү саат 02:00 чамаларында өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныкташкан. Мушташтын негизинде А.Б. алган жаракатынан эс учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Аны көрүп калган айылдаштары тез жардам чакырышып, райондук ооруканансына жеткиришкен. Эртеси, жабырлануучу алган дене жаракатынан эсине келбей каза болуп калган.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, кылмыш жаза кодексинин 130-берененин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
11-сентябрь күнү кылмышка шектүү С.Кга карата райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Райондук сотунун чечимими менен шектүү жаранга карата тергөө учурунда 2-ай мөөнөткө камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ